Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кошоматчы, эки жүздүү, күчтүүрөк болуп бараткан, алдуу-күчтүү жактын, тараптын сөзүн сүйлөгөн. Кээ адам күн карама, эки жүздүү, Бул адам тууралыктан үмүт үздү (Тоголок Молдо). Күн карама оюлгур, Күлүп сүйлөп жалтактап (Тоголок Молдо). Уч жакка чойгон үч жааттын ортосунда аргасыз жылмаңдаган күн карамага айланып, өзүнүн амандыгын сактаган оңой, бирок... (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сары гүлдүү, тегерек келген башы күн тарапты багыт алып туруучу, даны кабыкчанын ичинде бышып жетиле турган өсүмдүк. Толгон айдай күн карама жылмаят, Адатынча күндү карап күндөгү (Токомбаев). 2. Бийлиги, даражасы жогору турган же оокаттуу, бай кишинин сөзүн сүйлөп, ошонун дегени менен болуучу, кошомат кылып, ошону жактап туруучу өң карама, өз алдынчалыгы жок кошоматчы. Кээ бир адам күн карама, эки жүздүү, Бул адам тууралыктан үмүт үздү (Тоголок Молдо). Үч жакка чойгон үч жааттын ортосунда аргасыз жылмаңдаган күн карамага айланып, өзүнүн амандыгын сактаган оңой, бирок... (Касымбеков).